КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИНИН ТАМАКТАНУУ АДАТТАРЫН ИЛИКТӨӨ

Yazarlar

  • Nadira Turganbaeva Kyrgyz-Turkish Manas University

DOI:

https://doi.org/10.17740/eas.eus.2023-V16-02

Anahtar Kelimeler:

туура тамактануу, адаттар, студенттер, үй-бүлө

Özet

Жогорку окуу жайдын эшигин жаңы аттаган студенттер көнүмүш үй-бүлөлүк чөйрөдөн алыстаганда,
шаардын динамикалуу чөйрөгө түшкөндө жаңы тамактануу шарттарына жана адаттарына дуушар
болоору анык. Бул изилдөө иштин максаты, жаңы шарттарда үй-бүлөдө калыптанган кээ бир адаттарды
улантып колдонуп жүргөндүгүн, жаңы шарттарда пайда болгон тамактануу адаттарын аныктоого
багытталган. Кыргыз–Түрк "Манас" университетинин студенттеринин тамактануу адаттары анкета
толтуруу жолу менен иликтенип, жыйынтыгы SPSS программасы аркылуу жүргүзүлдү. 140 студент
эртең мененки тамактанууну, 11 студент түшкү, 11 студент кечки тамактанууну откөрүп жибергендиги
аныкталды. Демек көпчүлүк студенттер түшкү жана кечки тамактанууга маани берерин, ал эми эртең
мененки тамактануугу көңүл кош мамиледе болору белгиленди. Алынган жыйынтыктардын негизинде
көйгөйлөр талкууланып, сунуштар берилди. Изилдөө Кыргыз–Түрк "Манас"университетинин
студенттери менен гана чектелди.

İndir

Yayınlanmış

2023-10-24

Sayı

Bölüm

Turizm